www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя өткөн кылымдын орто ченинде, Тогуз-Торо районуна караштуу эл аз барган тоолорундо болгон экен. Мээлегенин жазбай аткан Кылыч мергенчи, аңчылыктын кумарына азгырылып, тоодон тоону ашып, зоо беттеп басып кайберендин артынан жүрүп, аскасы бийик чоң капчыгайдын ичине кантип келип калганын да билбей калат. Улам, убакыт алга жылган сайын күн кечтеп, айлананы күүгүм каптап бара жатканда тээ алыстан кыймылдап жүргөн жандыкты көзү чалат да, эртең менен эрте аны атып алуу үчүн, боюн жашырып үңкүргө кирип эс алып жатат.
Бирок, такыр уйкусу келбейт. Жүрөгү бир нерсени сезип, мылтыгынан колун албай жатып көзү илинип кетет. Бир убакта шыбырттан ойгонуп кетсе, чычкан шимшилеп жүргөн экен. Туруп сыртты караса таң агарып келе жаткан болот. Дароо кадамын жай таштап, кудум карышкырдан качкан кайберендей ылдый жакта агып жаткан сууну көздөй бет алат. Сууга келип, жүзүн чайып алып, чоң таштын коңулуна жашынып жатса, маңдайкы тик тоо жактан таштын ураганын угат. Андайда мергенчилер жер менен жер болуп жашынып, аңдып калышары турган иш. Андан дагы мергенчилердин көзү курч болору да анык.
Маңдайкы тоо тараптан көзүн албай карап турса, көзгө бир башкача көрүнгөн жалгыз аяк секирип жылып сууга түшүп келе жатканын даана көрөт. Канча жыл мергенчилик кылып тоо арасына жүрдү, бирок мындай жандыкты өмүрүндө биринчи жолу көрүшү. Кары мергенчилерден укканы бар, бирок көрө элек болучу. Жалгыз аяк улам жакындап келе жатып, адамдын жытын сезип калдыбы, кыймылын токтотуп, эки жакты аяр карап калганда, Кылыч мергенчи тиги жандык шексип калганын билип, мылтыгын мелтирете сунуп туруп жалгыз аякты көздөй ок чыгарганда, ок жаңылганын да билбей калды, ал ушунчалык ачуу үн менен чаңырып алып, дароо ал жерден жок болуп кетти.
Ал эми ачуу чаңырыктан кулагы тунуп, эси ооп жыгылган Кылыч мергенчи, эт бышым убакытта араң эсине келип, ал жерден кеткенче шашты. Андан дагы бул аймак ушунчалык көзгө комсоо көрүнүп, коркунуч жаратты. Ооба, мурунку күнү эмнеге бул аймак ушундай коркунучтуу жер экенине баам салбаганына таң берип, Кылыч мергенчи кайра изине кайтып келе жатып, ойго алаксыды.
Анткен менен бул окуя дагы өмүрүндөгү кызыктуу окуялардын катарын толуктап, өз көзү менен көргөн жалгыз аякты көпкө чейин айтып жүрдү. Айткандай илгери алыскы тоо арасында жалгыз аяктар көп кездешип, мергенчилер аларды атып алган кездер да болгону айтылат. Кылыч мергенчи жалгыз аякты атканы менен аны алыстан гана көргөнүн айтып, ал жаныбар эл жок, алыскы тоо арасын гана байыр аларын басым менен айтты. Бирок, жалгыз аяк биздин гана тоолордо кездешээри айтылып жүрөт, болбосо жаныбарларды изилдеген окумуштуулар эчак изилдеп чыгышары анык болучу. Андыктан, “жалгыз аяк” деген жаныбар биздин гана тоолорду байыр алып, күнү өткөрөрүн эски кишилер да айтып калышчу.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg