www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалгыз көздүү азгырык

Адам канчалык ийгиликтерди жараткан сайын, азгырыктардын саны арбыйт. Алсак мындан бир же эки кылым илгери арак ичип мас болуу азыркыдай болбосо керек.  Көңүл буруп карасак токсонунчу жылдан, эки миңинчи жылга чейин элдин көбү ичимдикке берилсе, эки миңинчи жылдан, эки миң онунчу жылга чейин саясаттын азгырыгына кирип, майда баладан, абышка-кемпирлерге чейин саясатты кеп кылып калышкан. Ал эми азыр болсо катын-калач, кыз-кыркын, бала-чака, кары-жаш баары жапырт  жалгыз көздүү азгырык телефонго азгырылып, жашоодон аксап жатышат. Бул эми карандай чындык.

Керек болсо жаш балдар оюн эмне экенин билбей, көздөрү кызарганча телефон менен алек. Телефон зыян экенин билип туруп азыркы ата-энелер өздөрүнүн тынчтыгына карап, наристелерге телефон карматып койгондору бул чоң катачылык экенин билишет бирок, балдарынын оюу менен болушканы туура эмес.

Адам баласы кыймылдап, иш менен алек болбосо ар кандай илдетке кабылышы толук мүмкүн. Муну медиктер кан-какшап айтып эле келе жатышат, бирок айтып коюп ошол эле медиктер өздөрү балдарына кымбат баадагы телефон сатып берип, азгырыкка жол ачышууда.

Интернеттен канча жагымсыз окуяларды көргөндөрү менен эч тыянак чыгара албагандарын эске алыш керек. Азыр элди токтото албай калдык көрүнөт, анткени телефонго байланып, анын кулу болуп калганыбыз чын. Эң жаманы жаңы өсүп келе жаткан муунга жаман болду. Анткени алар жашоосун телефонсуз элестете албай калышканы айдан ачык.

Бирок, өнүккөн европа өлкөлөрүндө, телефондун зыян экенине эми гана баа беришип, аларда телефонго карата болгон мамиле солгундап калганы айтылууда. Бизде болсо күч алып жатканы баарыбызга маалым. Кийин баары кеч болуп калганда өкүнөрүбүз турулуу иш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости