www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары 2020-жылдан берки үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду “Түндүк” тиркемеси аркылуу алмаштырууга болот. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирет.

Кызмат кадимки тартипте көрсөтүлүп, даярдоо мөөнөтү 18 жумуш күнүн түзөт.

Алмаштыруу себептери:

  • колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
  • жеке маалыматтар өзгөргөн учурда;
  • документ жараксыз абалга келгенде;
  • паспорт жоголгон учурда.

Арыз тапшыруу учурунда жарандар фамилиясын, атын жана атасынын атын латын арибинде транслитерациялоону өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Атасынын аты (эгер бар болсо) жарандын каалоосу боюнча көрсөтүлөт. Арыз берүүдө атасынын аты менен же атасынын атын көрсөтпөстөн жазууну жаран өзү тандайт. Ошол эле учурда ID-картада атасынын аты (эгер бар болсо) милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Кызмат санарип мүмкүнчүлүктөрдү камтып, ID-карта же жарандык паспорт алмаштырууга арыз берүүдө төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар:

  • сүрөттү мобилдик телефондон жүктөө;
  • сүрөттү тиркеменин ичинде түз тартуу;
  • Калкты тейлөө борборунда тартылган сүрөттү уникалдуу штрих-код аркылуу жүктөө (КТБда сүрөткө тартуу акысыз).

Последние новости