www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Жамалбек Ырсалиев эч жакка кетпөө жөнүндө колкаттын негизинде чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Буга чейин маалымдалгандай, УКМК Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган. Тактап айтканда «Туңгуч» кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил тибиндеги коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган, тагыраагы болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган.

Мындан улам, 2025-жылдын 16-июлунда топтолгон материалдардын жана козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. жана В.Н.А. аттуу жаран кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 миллион 979 миң 889 сом өлчөмүндөгү зыяндар аныкталган.

Белгилей кетсек, тергөө учурунда Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Ы.Ж.С. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берди.

Буга байланыштуу 2025-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Ы.Ж.С. жана В.Н.А. эч жакка кетпөө жөнүндө колкаттын негизинде чыгарылды»,-деп жазылат маалыматта.

Тергөө иш — чаралары аяктагандан кийин айыптоо актысы менен кылмыш ишинин материалдары айыпталуучуларга карата акыркы чечимди кабыл алуу үчүн сотко берилет.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости