www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамиля Муратованын атасы көз жумду

Узакка созулган оорудан кийин, 84 жаш курагында, музыкант Муратов Эдил Жумаканович көз жумду.

Музыкант 1937-жылы 3-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал манасчы Бекмурат-Балыкооз Кумар уулунун чөбөрөсү.

Э. Муратов 1963-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын аяктаган (кларнет). Эмгек жолун Улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы элдик аспаптар оркестринде баштаган.

1988-жылдан баштап пенсияга чыгып, музыкалык аспаптарды жасап жүргөн.

Жубайы КРнын Эл артисти Хадима Берикбаева менен биргеликте бир уул, бир кызды тарбиялашкан. (Данияр жана Жамиля Муратова)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости