www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Канат Каниметов тергөөчүгө каршы сотко даттанды

Журналист Канат Каниметов Бишкектин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн үстүнөн сотко даттануу арызын жазды. Иш бүгүн, 24-майда райондук сотто караларын «Медиа Полиси Институту» маалымдады.

Журналисттин адвокаты, «Медиа Полиси Институту» уюмунун юристи Нурбек Сыдыков 14-майда журналистке карата жүрүп жаткан териштирүү негизсиз экени тууралуу үч пункттан турган билдирүү тараткан.

Чүй облустук милициясы Каниметовго карата «майда ээнбаштык» деген берене менен иш козголгонун кабарлаган.

Журналисттин жактоочусу адамды бийликти сындаганы үчүн «майда ээнбаштык» беренеси менен мындай факт болбосо да суракка чакыруу жана сотко чейинки териштирүү жүргүзүү мыйзамсыз экенин белгилеген.

Жактоочу Сыдыковдун айтымында, Каниметов боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 23-мартта «Жоруктар жөнүндө» кодекстин 119-беренеси (майда ээнбаштык) менен катталган. Буга журналист 3-февралда Facebook баракчасына блогер Юлия Барабинанын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүнө байланыштуу бийликти сындап жазганы себеп болгон. Сотко чейинки териштирүү 30-мартта башталган, маалыматты журналга каттоого Каниметовдун жазганы «өлкөнүн коомдук-саясий абалын начарлатышы мүмкүн» деген жүйөө негиз болгону көрсөтүлгөн.

Каниметов өзү 7-майда анын Балыкчыдагы үйүнө милиционерлер издеп барганын Facebook баракчасына жазган жана муну бийликке сын такпоо үчүн басым катары баалаган.

Журналист «Апрель» телеканалында иштейт. Бул канал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык экени айтылып келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости