www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жаштарга динден түшүнүк бере албасак, биз диний экстремизм менен чечкиндүү түрдө күрөшө албайбыз», - деди бүгүн, 16-июнда, NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу» парламенттин депутаты Жамин Акималиев.
- Жамин-агай, президеттин мектептерге диндин тарыхынан сабак киргизүү боюнча жарлыгы чыкканы, ар ким ар кандай оюн айта баштады. Бул жарлык талапка ылайык эле чыктыбы?
- Кыргызда «Чала молдо дин бузат» деген акылман сөз бар. Анын сыңарындай, эгер биз жаштарга дин деген эмне экенин жана анын өткөн тарыхын айтып бере албасак, анда биз диний экстремизм менен чечкиндүү күрөшө албайбыз.
Ошондуктан, мектептерде «Диндин өсүү тарыхын» киргизүү талапка ылайык деп эсептейм. Анткени дүйнө жүзүндө динди тааныган жана ага ишенген адамдар аябай көп. Бул бекеринен болбосо керек. «Религия» деген сөз кыргызчага «ыйык» же болбосо «Жаратканга ишенүү» деп эле которулат.
Динди илимий негизде туура түшүнүү - бул табият таанууга барабар. Себеби религиянын тарыхы кылымдап кетет жана өтө кызык. Совет доорунда биз «Кудай жок», «Религия - бул апийим» деп жүрүп, көп нерседен куру калганбыз.
Мен өзүм атеист катары, ал турмак Коммунисттик партиянын райондук комитетинин биринчи секретары болуп жүрүп, дин деген эмне экенин жана анын терең маанисин, Советтер Союзу ыдыраган 90-жылдардын башында Иерусалим шаарына барып, бир нече күн ал жерде болуп, Иса Пайгамбардын жашаган жерлерин жана жасаган иштерин көрүп, андан кийин мусулмандардын алтын Аль-Акса мечетинин ичине кирип, алардын тарыхын адистерден уккандан кийин түшүнгөм. Андан кийин Ватиканда болуп, католик-христиандардын диний тарыхы менен таанышып аябай таңгалгам.
Кийинчерээк Индия, Кытай, Таиланд жана Түштүк Кореяда болуп, индуизм жана Будда деген эмне экенин билгем. Кыскасы, Диндей болгон зор ааламдын бай тарыхын билбей туруп, Дүйнөгө болгон мамилебиз дагы туура багытта өзгөрбөйт. Бул жерде өзгөчө айтып кете турган нерсе - диндин тарыхын билүү динди пропагандалоо дегенге жатпайт.
Биздин Конституциябызга ылайык динге ишенүү же ишенбөө ар бир атуулдун жекече укугу. Ага эч ким тыюу сала албайт. Ошону менен бирге Дин маселеси Мамлекеттен ажыратылгандыгын жана биз светтик өлкө экендигибизди унутпашыбыз керек. Диний мекемелери мамлекеттин ишине киришүүгө акысы жок.
- Сиздин пикириңизде негизи диндерди таануу сабагынан кайсыл кесиптин ээлери окутушу керек?
- Дин маселеси абдан татаал жана терең. Ошондуктан, аны туура түшүнүш үчүн мектептерде болуучу сабактарды атеисттер же болбосо молдолор жүргүзбөшү зарыл. Динди таануу окуусун анын тарыхын таза жана так билген адистер жана илимпоздор гана ишке ашырышы керек.
Эске салсак, 8-июнда Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg