www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Жамшитбек мырза, министрликтен кеткенден бери эл көзүнөн оолак кеттиңиз эмне иштер менен алексиз?
— Атайын байланышка чыгып ал-ахвал сураганыныздарга ыраазы-ылык билдирем. Эмне кылайын, жеке иштер менен алекмин. Аны менен бирге ден соолукка кам көрүп жүрөм.
— ММКларда сизди Кыргызстандан чыгып кетиптир деген сөздөр тарады. Чет өлкөгө барып келдиңизби?
— Кыргызстанда эле жүрөм. «Калилов качып кетиптир» деген жаңылыкты окуп алып озүм таң калдым. Өзүң айтып көрсөң, мен эмнеге качышым керек? Кайсы күнөөм, кайсы кылмышым үчүн? Туура, мен министр катары иш алып барып жаткан учурда орун басарым пара алып жаткан учурда кармалды. Бул боюнча иш жүрүп атат. Ага менин эч кандай тиешем жок. А түгүл бул пара боюнча мен өткөн жылдын сентябрь айында четин уккам. Тактап айтканда Ысык-Көлдө «Көчмөндөр оюнунда» жүрсөм мага бир тааныштарым чыгып: «Жаке, орун басарың ушундай иш боюнча оң жагына чечип берем деп өз кызыкчылыгын айтып атыптыр. Сенин кабарың жокпу?» деген. Угуп алып өзүм таң калгам.
Анан Бишкекке келээрим менен тиешелүү органдарга кирип ушундай сөз болуп жатат, пара сураган кызматкеримдин кармалышына кызыкдармын. Кармаганга жардам бергиле деген оюмду айттым эле. Анан декабрь айында тигиндей окуя болбодубу? Менин орун басарым пара менен кармалгандыктан моралдык жоопкерчилик менен кызматымдан кеттим. Дагы кайталап айтамын, менин ал иштерге таптакыр тиешем жок. Демек, менин корко тургандай же качып кете тургандай күнөөм жок. Качууга негиз жок.
Булак: "De-facto"