www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ооганстандагы "Талибан" кыймылы жапкан университеттердин студенттерине, ооган жаштарына студенттик виза берүүнү сунуштады.
--"Биздин өлкө качкындардын агымын кабыл ала албашы турган иш, ресурсубуз, чама-чаркыбыз жетпейт. Бирок биз ооган студенттердин тагдырына кайдыгер карабашыбыз керек, окууларын Кыргызстанда улантуу үчүн ооган жаштарына студенттик виза беришибиз керек.
Менимче, бул биздин тарыхый жана меймандостук салттарыбызга ылайык келген милдетибиз деп эсептейм", - деп жазды депутат.
"Талибан" кыймылы 15-августта Ооганстандын баш калаасы Кабулду курчоого алды. Анын алдында талибдер өлкө чыгышындагы ири Желал-Абад шаарын ээлеген. АКШ Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.
Булак: NazarNews.kg