www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан"* радикалдык кыймылынын өкүлдөрү Афганистандын бардык аймагына толук көзөмөл орнотконун жар салды. Бул тууралуу Al Arabiya телеканалына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда. 

Учурда президенттик администрациянын имаратында "Талибандын" делегациясы өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бийликти өткөрүп алууну талкуулап жатат.

Анын алкагында Афганистандын өкмөт башчылыгына талапкерди макулдашып, Ислам республикасынын Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысы жана Германиядагы экс-элчи Али Ахмад Жалали ээлей турганын айтышкан.

Ага чейин Афганистандын президенти Ашраф Гани кызматын бүгүн эле өткөрүп берүүнү ниеттенип жатканы маалым болгон.

Афганистанда акыркы убакта абал кескин курчуп кетти. Талибдер Кабулга согушу жок эле кирүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок шаардын чет жакаларында согушкерлер менен мамлекеттин аскерлери тирешип жатканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости