www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп жатат. Анда депутат Жанар Акаев мурдагы президенттин этегине намаз окуп жаткандар азыркы президенттин да этегине намаз окуп жатышканын билдирди.

“Бизде парламентте бир эле нерсе калды. Жогору жактан “добро” алгандардын мыйзамы 1-кирет, алар көп эмес, жарым саат талкууланып өтөт деп регламентке жазып койсок реалдуулукка ошол эле калды...

Мирлан Жээнчороевдин таламын ачык талашкым келет. Эгер саясатчы жакшы жакка өзгөртсө эмнеге болбосун? Мурда 9 пайызды колдогон, автор эле деп жатпайсыңарбы? Жакшы жагын байкап, жакшы жагына оюн өзгөртүп, айрым катачылыктарын билсе жакшы.  Бир коллегабыз, экинчи коллегабызды “көрдөн алып, жерге чаап” жатасыңар, бул туура эмес.

Үч президенттен бери, мисалы мурдагы президенттин этегине намаз окуп жаткандар, азыркы президенттин этегине намаз окуп жатасыңар. Ош-Бишкек альтернативдик жолуна Атамбаевдин атын бериш керек, баатыр кылыш керек дегендер, аны азыр тепкилеп жатпайсыңарбы?!

Кыргызстанда оюн өзгөрткөн бир эле Жээнчороев эмес. Мындан жаман нерселерге пикирин өзгөртүп, кошоматчылыкка күн көрүп жүргөн депутаттарыбыз арабызда толтура”, - деди Акаев.

Булак: NazarNews.org

Последние новости