www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жолдор министрлигине талапкер Жанат Бейшенов парламент колдоп иштеп калса бул мекеменин ишин ачык-айкын жүргүзө турганын, бул тармактагы тендерлердин жыйынтыктарын кайра карап чыгарын депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Мындан сырткары ал бизнес-ассоциациялар менен кызматташып, “Ачык асман” долбоору боюнча Жарандык авиация агенттиги менен бирге программа иштелип чыгарын, коррупцияга каршы системалуу күрөш жүрөрүн билдирди.
Жогорку Кеңеш өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн Жанат Бейшеновдун талапкерлигин карап жатат. Айрым эл өкүлдөрү "өкмөт даяр эмес, бул тармакта иштебеген кадрды сунуш кылып жатканын" сынга алышууда.
Бейшеновдун талапкерлигин буга чейин парламенттин тармактын комитети карап чыгып, жактырган.
Мурдагы министр Жамшитбек Калилов 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында "ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун сынынан кийин арыз жазып иштен кеткен.
49 жаштагы Бейшенов 2017-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген.
Булак: NazarNews.kg