www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Ала-Тоо аянтында 17-январда өткөн митинг учурунда кармалып, 3000 сомдон айып пул төлөөгө милдеттендирилген 21 жарандын үчөө Биринчи май райондук сотуна арызданды. Алардын бири, “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин мүчөсү Бактыбек Нуралы уулу салынган айыпка макул эмес экенин айтты.
- Бизди “Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине каршылык көрсөткөн” деп айып пул салышты. Бирок иш жүзүндө мен аларга каршылык кылган эмесмин. Ошондуктан бул айыпка каршы Биринчи май райондук сотуна арыз берип атам, - деди Бактыбек Нуралы уулу.
Январдын башында күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 82-беренеси (“Коомдук тартипти сактоо милдеттерин өтөп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө”) менен митингде кармалган 21 жаранга 3000 сомдон айыппул салынган. Алар айып пулду бир ай ичинде төлөшү керек. Эгер аны белгиленген мөөнөттө төлөшпөсө, иши сотто каралат, - деп жазат Азаттык.
Булак: NazarNews.kg