www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров инсан мамлекетке кызмат кылууга даяр болсо, башка планетадан келген келгинди, душманды да дайындаганга даяр. Бул тууралуу президент кечээ №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер менен жолугушууда билдирди.

Депутаттыкка талапкерлер кадр саясаты боюнча суроо узатышты.

«Министр боло турган адамды издеп таба албайсың. Алар пара алышат, уурдашат, а бирок анын ордуна башканы таппайбыз. Ким бул кызматты тарта алат деп ойлойсуң. Мени менен мурункудай – 100 миң доллар берип, беш жыл министр болуу деген болбойт. Бизге 100 тыйындын деле кереги жок. Бизге мамлекеттик иштерди алдыга жылдырган адамдар керек», - деди Садыр Жапаров.

"Эгерде мамлекеттик иштерди алып барууга, бизди алдыга алып чыгууга даяр кадрлар болсо, керек болсо башка планетадан келген келгинге, жада калса душманга да кызмат берем. Биздеги кадрлардын абалын билесиздер – бизде ачарчылык, тартыштык", - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости