www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы имараттардын бирин өзүм билемдик менен басып алган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК 11-майда КР Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу жана айыл жеринде өз алдынча курулуш куруу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ысык-Көл облусунун 1981-жылы туулган Т.А.А аттуу жараны кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Такталгандай, 2022-жылдын 19-мартында белгисиз адамдардын тобу өзүм билемдик менен Бишкек шаарындагы Сүйөркулов көч. 16/1 дареги боюнча жайгашкан «Нур-Жаннат ЛТД» ЖЧКсына таандык имаратты басып алган.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, кармалган А.Т. курулуп жаткан объектте батирлерди сатууга мыйзамдуу укугу жок, жарандарды алдоо жана ишенимин пайдалануу жолу менен материалдык же башка материалдык пайда алуу максатында жалпы суммасы 300 миллион сомдон ашык курулуп жаткан имараттагы батирлерди сатып жибергендиги аныкталды.
Азыркы учурда, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, жана башка ушул сыяктуу фактылар аныкталууда.
Булак: NazarNews.kg