www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-майда президент Садыр Жапаров №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына чек ара маселелерин чечүү боюнча суроолор берилди. Президент бул жерде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин ролун баса белгиледи.

«Мен бир нерсени айткым келет, анткени бул жерде саясатчылар, билимдүү жарандар отурушат. Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүдө кыйынчылыктар болду. Камчыбек Кыдыршаевич баш болгон делегация бир жарым жыл бою Ташкентке күнү-түнү жол тартты. Гавасай жери совет доорунда документтерде 19 гектар деп көрсөтүлгөн, бирок спутниктен өлчөгөндө 15 гектар болуп чыккан. Катуу талаш-тартыштар, чыр-чатактар, папкалар ыргытылып, уруштар болду. Кыйынчылык менен бул жерди кайтарып алдык», - деди Садыр Жапаров.

«Бул жер Кыргызстанга тиешелүү болгон, бирок 1956-жылы биздин аткаминерлер өзбектерге беришкен экен – бул жердин иш планын кыргыз тарапка аткаруу кыйынга турган имиш. 1961-жылы карта өзгөртүлүп, бул тилке Өзбекстандын аймагында болчу», - деп кошумчалады президент.

"Камчыбек Ташиев өзүнүн аракети менен бул жерди кайтарып берди. Ошондуктан анын эмгеги тарыхта калгандыктан, ага баатыр наамын ыйгардым. Ошол эле маалда президент наамды досуна ыйгарып койду деп айтышкандар көп , бирок тарых баасын берет". - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости