www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт болуп, Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун койгон кадрлары Кыргызстандын казынасын каңтарып, түбүнө түшүп кетишти.
Атайын акча адалдообу, же койгон кадрлары ачыгып, "жеп-ичем, түгөтөм" деп араң тургандарбы, айтор, Жапаров жаңы түзгөн ишканалар ишин баштабай жатып банкрот болуп, алды жоюлуп, миллиарддап чыгымга учурап, өлкө бюджетине ири өлчөмдө олуттуу зыян келтирди.
Мына анык мисал:
1. "Кыргызиндустрия" — бир миллиард сомдун дайыны жок... (Жетекчиси Жарасул Абдураимов)
2. "Кыргызтранснефтегаз"
(Бейшеналиев Алишер 1 млн пара менен кармалды... )
3. "Туризм фонду" — жүздөгөн миллиондогон каражат зыян келтирилген (Жетекчиси Елена Калашникова камалды)
Жогорудагы үчөөнүн айланасында кармалоолор, ызы-чуу болуп жатат.
Кыскасы, "каша". Койгон кадрлары пара менен кармалышты. Алды камалып чыкты. Мисалы, "Көчмөндөр мурасы" холдингги жоюлуп, жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк камалып, жаңы чыкты. Арты жаңыдан камалып жатат.
Булак: NazarNews.kg