www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 19 жаштагы кызды атасы 10 жыл бою зордуктап келген. Бул тууралуу «Азаттык» жарыялаган материалда айтылат.

Тергөө учурунда жабырлануучу зордуктоо боюнча 43 учурду айтып берген. Кыздын жактоочусу шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылууда.

Кыздын айтымында, атасы аны биринчи жолу жети жашында зордуктаган.

«Соттогулар адилеттүү чечим чыгарып беришин каалайт элем. Менин пайдама чечип бергиле деп айтпайм, бирок жок дегенде мыйзам чегинде жакшы карап берсе болмок да. Менин билишимче, акча менен бүтүрөбүз дегендер көп экен. Менин акчам жок, акча берип сотту да сатып ала албайм. Өмүр бою отурушу керек бул адам», — деп билдирген 19 жаштагы кыз.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш боюнча материалдар март айынын аягында Сузак райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, март айынын башында Сузак РИИБге 19 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын сентябрынын аягында 43 жаштагы атасы тарабынан зордукталганын билдирген.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча катталган. Экспертиза зордуктоо фактысын тастыктаган. Шектүү адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин СИЗОго камакка алынган.

Жалал-Абад облустук соту биринчи соттук отурум 25-майда саат 9.00дө болоорун билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости