www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы коомдо жана мамлекетте мыйзамдын үстөмдүгүн, бирдейлигин жана мыйзамдуулукту чыңдоону, ошондой эле жарандардын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууга милдеттенген орган болуп саналат.
Жарандардын жеке эркиндигине каршы кылмыштардын түрлөрүнө: Киши уурдоо; Кишилерди соода кылуу; Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу; Эмгекти мажбурлап пайдалануу (кул эмгеги); Психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу; “Адамды никеге туруу максатында уурдоо”; “Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо”; “Адамды никеге турууга мажбурлоо”; “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” боюнча жасалган кылмыштар кирет.
Ал эми, Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында 2021-жылдын 7-айына карата “Жарандардын жеке эркиндигине каршы кылмыштар” туурасында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпысынан 58 кылмыш иши катталып анын ичинен:
Киши уурдоо -17 кылмыш иши; Кишилерди соода кылуу- 0; Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу-10; Эмгекти мажбурлап пайдалануу (кул эмгеги)-1; Психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу- 0; Адамды никеге туруу максатында уурдоо- 14; Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо- 1; Адамды никеге турууга мажбурлоо – 2; Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу-14.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен жалпысынан 34 иш өндүрүштөн кыскартылган, 17 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, 2 кылмыш иши башка кылмыш ишине бириктирилген, 5 кылмыш иш соттун кароосуна жиберилген.
Бүгүнкү күндө эн актууалдуу маселе бул адамды никеге турууга мажбурлоо болуп саналат. Аялды никеге турууга мажбурлоо эл аралык актылар менен айыпталат, анткени бул жосун адамдын эң маанилүү укуктарынын бири – жеке кол тийбестигине укугун бузат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбестигин карайт. Никеге мажбурлоо аялдын каршылыгын болтурбоо максатында психологиялык, дене боюнун жана сексуалдык зомбулукту камтыйт. Никеге мажбурлап туруу үчүн кыздарды уурдоо үчүн жазык мыйзамдарында жоопкерчилик каралгандыгына карабастан мындай көрүнүш Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда таралган.
Мисалы, Ж.Н., 2020-жылдын 23-июль күнү үйлөнүү максатында, кызыл түстөгү, “Volkswagen Golf-2” үлгүсүндөгү автоунаа менен, саат болжол менен 18:00 чамаларында өзүнө чала тааныш болгон М.К. иштеген Бишкек шаарынын Дордой жаңы коңушунда жайгашкан кафенин алдына келип токтоп, ага карата күч колдонуп, М.Кнын макулдугу жок унаага салып, Чүй облусуна ала качып кеткен.
Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин КЖБРне КРнын ЖКнин 175-бер. негизинде катталып “адамды никеге туруу максатында уурдоо” боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө органдары тарабынан Ж.Н. Кыргыз Республикасынын ЖКнин 175-бер. 1-б. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тандалган.
Кылмыш иш боюнча айыптоо актысы Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан бекитилип, иш Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун карамагына негизинен кароого жиберилген.
Свердлов райондук сотунун өкүмү менен Ж.Н. Кыргыз Республикасынын ЖКнин 177-бер. менен күнөлүү деп табылып 1-жылга эркинен ажыратылган жана КР ЖКнин 83-бер. негизинде 1-жылга пробациялык көзөмөл колдонулган.
Прокурордун орун басары У.Абдуллаев
Булак: NazarNews.kg