www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Мелис Аспековду Бишкек ШИИББи суракка чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасынан билдирген.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жазган арыз боюнча аны күбөө катары чакырышкан.

“Жарым жыл мурун Чыныбайга мен Башкы Прокуратурага арыз жазып, БЛВЗ арак заводу боюнча кылмыш ишин козготком. Азыр ал ишти УКМК тергеп жатат. Андан сон ал мага УКМК арыз жазат. Ошол арыз эми ГУВД га тушуптур, себеби УКМК эч бир мага карата далил таппаса керек. Сурак берип чыктым, тергөөчү өзү айтат, эч бир далили жок экен деп. Мен болгон болгондой айтып бердим, байланышта болуңуз, чалам деп коштоштук”,-деп  жарандык активист билдирди.

Чыныбай Турсунбеков өзүнүн билдирүүсүндө жарандык активист арак заводу боюнча фактылар интернетке тарап кетпесин деп, андан чоң суммадагы акча талап кылганын айткан.

Бирок, Мелис Аспековдун маалыматы боюнча тергөөчүлөрдө депутаттан акча талап кылгандыгы тууралуу далили жок.

“Сурак эки саатка созулду. Тергөөчү эч кандай далил жок экенин айтты. Чыныбай Турсунбеков аудио же видео далил көрсөтө алмак, бирок алар жок”,-деп кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости