www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коому эки өлкөнүн президенттер Жапаров менен Рахмонго чек ара боюнча кайрылуу жолдоду. Төмөндө кайрылуунун текстин өзгөртүүсүз беребиз:
«Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Президенттерине
Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кайрылуусу
Биз, канатташ эки республиканын жарандык коомунун өкүлдөрү, сиздерге өзүбүздүн ойлорубуз менен изги тилектерибизди жеткире алабыз деген үмүт менен кайрылып жатабыз. Күч- аракетибизди бириктирсек, учурдагы өтө оор кырдаалдан чыгуунун тынч жана алгылыктуу жолдорун таба аларыбызга ишенебиз.
Биздин эки элдин тарыхы, дини бир, кылымдар бою ынтымакта эриш-аркак жашап, басып өткөн жолубуз бир. Улуу Ата мекендик согуштун азап-тозогун чогуу баштан кечиргенбиз, бирдиктүү совет мамлекетинин кыйроосунан кийинки оор сыноолорду да чогуу тартып келебиз. 1992-1997-жылдары Тажикстанда болгон жарандык согушту токтотуп, анын кесепеттерин жоюуда да тыгыз кызматташып иштегенбиз. Мына бүгүн эки өлкөнүн теӊ аймагында көптөгөн этникалык тажиктер менен этникалык кыргыздар жашап жатат.
Тарыхый басып өткөн жолубуз эле эмес, азыр, ушул жерибизде эриш-аркак иштешип аныктап жаткан келечегибиз да бир.
Ошондуктан азыр биздин өлкөлөрдүн жетекчилери жана баш колбашчылары, Конституциянын жана адам укуктарынын сакталышынын кепилдери катары сиздерге кайрылып турабыз.
Буга байланыштуу согуштук жана агрессиялык иш-аракеттердин баарын дароо токтотууга чакырабыз. Биринчи кезекте Согди жана Баткен облустарынын калкы азапка кабылып, жай турмуштагы адамдар жана аскер кызматчылары, алардын ичинен кыска мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган жаш жигиттер курман болуп жатат. Создугуп бараткан аскердик чыр-чатак эки өлкөнүн теӊ ичиндеги кырдаалды курчутуп жатат, жек көрүүчүлүккө жана кастыкка тукургандардын чырагына май тамызууда. Согуштук иш- аракеттерге карапайым калктын улам көбүрөөк тартылып кетиши да ыктымал.
Бул чырдын төмөнкүдөй кесепеттерин көӊүл буруп, аларды жөнгө салуу үчүн бир катар чараларды көрүӊүздөр деп чакырабыз:
Ушундай оор күндөрдө эки өлкөдөгү кырдаалды татаалдаштырып жибербеш үчүн, кан төгүүгө жол бербей, чек арадагы жагдайды кыска мөөнөт ичинде жөнгө салуу жана андан ары тынчтыкты бекемдөө максатында бардык прогрессивдүү күчтөр биригиши зарыл.
Биз, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жарандык коомунун өкүлдөрү, ушул кыйын кезеӊде өз салымыбызды кошуп жатабыз. Жогоруда айткан сунуштарыбызды сиздер жакын арада карап чыгасыздар жана биз эки өлкөнүн жана канатташ эки элдин тынч, алгылыктуу жол менен өнүгүшү үчүн биргелешип иштейбиз деп үмүт кылабыз.
Сиздерди тереӊ урматтап, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жарандык коомунун 2021-жылы 30-апрелде өткөн онлайн кездешүүгө катышкан өкүлдөрү.