www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2- майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тиешелүү адистер менен бирге Баткен облусунун Төрт-Гүл суу сактагычынын  “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайында жүрөт. Бул тууралуу NazarNews агенттигине Шүкүрбек Эркебаев билдирди.

--“Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөт башчы Улукбек Марипов “Тажикстанга өтүп кетти” деген суу сактагыч“Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына барды. Ташиев жеринде маселени чечти. Тактап айтканда бардык көйгөйдү толук чечип чыкты”, - деди ал.

Эске салсак, февраль айында премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткенин айткан.

Суу сактагыч Баткен районунда, Исфара дарыясынын жээгинде жайгашкан. Суу сактагычтын аянты 6,6 чарчы чакырым, суунун көлөмү 90 миллион кубометрди түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости