www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Ак калпак күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара министрдин биринчи орун басары Ж. Сейдалиевдин жетекчилиги астында өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө ак калпактын тарыхы, анын баалуулугу жана улуттук символ катары мааниси баса белгиленди. Ошондой эле аталган майрамдын пайда болуу тарыхы тууралуу улуу муундагы кызматкерлер өз ойлору менен бөлүшүп, кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.
Иш-чарага министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Белгилей кетсек, бул майрам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна киргизилген өзгөртүүгө ылайык, 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары белгиленип келет.