www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда айыл чарба тармагын өнүктүрүү максатында үрөн чарбалары жана күнөсканалар жеңилдетилген 3%дык насыя менен колдоого алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы үрөн жана көчөт даярдоо багытында төмөнкү көрсөткүчтөр алынган:
Үрөн чарбалар: Жалпы 86 чарба иш алып барууда. Дотация программасынын алкагында жазгы-күзгү үрөн болуп саналган 4 485,1 тонна 2 794 субъектке таратылды. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 29,6%га өскөн.
Көчөтканалар: Жалпы саны 24. 2025-жылы даярдалган көчөттөрдүн жалпы саны 15 037 000 даана түздү, бул 2024-жылга салыштырмалуу 23% көп.

Министрлик билдиргендей, жеңилдетилген насыялар жана дотациялар айыл чарба өндүрүшүн колдоо, фермерлерди сапаттуу үрөн жана көчөт менен камсыздоо, ошондой эле продукциянын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга багытталган. Бул чаралар айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, жергиликтүү өндүрүштү күчөтүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого маанилүү салым кошот.

Министрлик келечекте да үрөн чарбалары жана күнөсканаларды колдоо боюнча программаларды күчөтүүнү, жаңы дотациялык механизмдерди жана насыяларды пайдаланууну улантууну пландоодо.
 

Последние новости