www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин реформасынын алкагында 2026-жылга карата электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында Манас районунда аба чубалгыларында 574,726 км техникалык тейлөө иштери башталды.
Аталган иш-аракеттер Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.
Атап айтканда 10 кВ аба чубалгыларында 272,980 км, 0,4 кВ аба чубалгыларында 301,746 км техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, 41,405 км 10 кВ аба чубалгыларында капиталдык оңдоо иштери пландалууда.
Муну менен катар Манас районунда эскирген 243 даана жаңы мамычалар жаңы темир-бетон мамычаларга алмаштырылат.
Мындан тышкары, СИП-2 зымы — 13,3 км жаңыланса, СИП-3 зымы — жалпы 3,2 км тартылат,анын ичинен 1200 метр эски зымдар жаңыланса, 2 км 10 кВ жаңы зымдар тартылат.
Трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу жана кошумча трансформатор орнотуу максатында аткарылган иштердин алкагында Манас районунда:
* Кошумча трансформатор орнотуу — 5 даана;
* Трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу — 4 даана;
* Капиталдык ремонттон өткөрүү — 25 даана трансформатор;
* Техникалык тейлөө — 138 даана;
Бул иштер электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга, авариялык өчүүлөрдүн санын азайтууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.