www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн өткөн сайын кырдаал оорлошуп баратат. Өзгөчө кымбатчылык элдин жанына батты. Ал аз келгенсип оюн ачык айткандарды "башаламандык уюштуруу, бийликти басып алууга чакырган" деген оор айыптарды тагып камоо күч алып, элдин нааразычылыгын жаратууда. Бийликтин өкүм-зордук менен башкаруу аракети жакшылыкка алып барбасын буга чейинки бийликтин эки тизгин бир чылбырын кармагандардын тагдыры далилдегендей болду. Тилекке каршы, өткөндөн сабак алуу жок экен. Улам келгени кетмендин башын тебелей бергенден тажабай коюшту. 

Мына учурдагы абал чеке жылытпайт. Садыр Жапаровдун берген убадаларынан аткарылганы дээрлик жок. Анын баарын эл көрүп, анализдеп отурат. 

Бийликтин көзгө басар иши болгон Кумтөрдүн рентабелдүүлүгү күмөн жаратып турат. Ушул жылдан тартып пайда эмес, чыгымга батып жатканы айтылууда. Жапаров бийликке келген үч жылдан бери, майда-барат (мектеп, бала бакча, мындай иштер буга дейре болуп келген) кээ бир объекттерди эске албаганда, бир да ири долбоор ишке ашкан жок. Башталганы бүткөн жок. 

Миграция басаңдамак турсун күчөдү. Бул кетиште жогорку билимдүү адистер түгөнүп жалаң гана далысы күржүйгөн "дөң баштар" мамструктураны ээлейт. Кошуна мамлекеттер менен мамиле жакшыргансыганы менен эл аралык сүйлөшүүлөр дамаамат коңшулардын пайдасына чечилип жатат. Реэкспорт менен алектенчү бир аз тигүү фабрикасы, манжалар менен эсептей турган жабдыктарды кураштыруучу цехтердин ачылганы болбосо эч кандай ири ишкана, завод же фабрика ишке кирген жок. Россиядан кеткен мигранттардын агымы Европа, Америкага бурулду. 

Жаңы бийликтен көптү үмүт кылган, ишенген элдин супсуну сууп, нааразылык күчөп жатат. Үч жыл өттү. Аз да, көп да убакыт эмес. Бирок ишинен бир майнап чыгара турган мөөнөт бул. Мындан ары болбойт мындай. Жасалма пиар менен элдин курсагы тойбойт.  Кошоматчылардын курчоосунда жүрө берүү мамлекеттин коопсуздугуна, элдин жашоосуна кедергисин тийгизет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости