www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери 850 миң сом зыян келтирген алдамчылыктын бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына 1949-жылы туулган М. О. аттуу жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырып, ишенимине кирип 850 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Андан кийин алар байланышка чыкпай калышкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 2004-жылы туулган А. Ж. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96–97-беренелеринин негизинде ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоого, далилдер базасын топтоого, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана алардын жүргөн жерин табууга багытталган ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости