www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иш сапарынын алкагында Кемин районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, медициналык инфраструктуранын абалы, курулуш иштеринин жүрүшү жана мекемени заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө министр 50 керебетке ылайыкташтырылган жаңы төрөт үйүнүн курулушу менен таанышты. Имарат төрт кабаттуу болуп, жалпы аянты 2220 чарчы метрди түзөт. Учурда курулуш иштери активдүү жүрүп, имарат үчүнчү кабатка чейин көтөрүлүп, ал жерде монолиттик иштер жүргүзүлүүдө.
Долбоор боюнча биринчи кабатта кабыл алуу жана гинекология бөлүмдөрү, ультраүндүк диагностика жана кольпоскопия кабинеттери, ошондой эле бейтаптарды чыгаруу блогу жайгашат. Экинчи кабатта операциялык блок жана эки төрөт залы, ал эми үчүнчү кабатта жаңы төрөлгөн ымыркайлардын патологиясы бөлүмү жана өзүнчө санитардык түйүндөрү бар гинекология бөлүмү жайгаштырылат. Ошондой эле төрөт үйүн заманбап медициналык жабдуулар жана керектүү инвентарь менен камсыз кылуу маселеси каралууда.
Министр ошондой эле медициналык кызматкерлер үчүн жатакана түзүү иштерин көрүп чыкты. Мурдагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты бардык шарттары бар 8 батирлүү турак жай жатаканага кайра профилдештирилип жатат. Иштер Кемин районунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, алардын жалпы баасы болжол менен 18 млн сомду түзөт. Имараттын жалпы аянты 1450 чарчы метр. Бул долбоор медициналык кызматкерлердин жашоо шарттарын жакшыртууга жана кадр тартыштыгын чечүүгө багытталган.
Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун клиникалык-диагностикалык лабораториясына да барып, ал жердеги заманбап жабдуулар менен таанышты. Жабдуулар JICA аркылуу алынган. Лабораторияда биохимиялык жана гематологиялык анализаторлор, гормондорду аныктоочу аппараттар, центрифугалар жана башка заманбап жабдуулар орнотулган. Бардык лабораториялык изилдөөлөр санариптик система менен интеграцияланган: анализдердин жыйынтыктары автоматтык түрдө «ILab» системасына киргизилип, андан ары «Sanarip clinic» системасындагы бейтаптын электрондук амбулатордук картасында көрсөтүлөт.
Министр ошондой эле рентген кабинети менен таанышып, анда стационардык жана мобилдик санариптик рентген аппараттары колдонуларын көрдү. Мындан тышкары ал реанимация бөлүмүнө барды. Белгиленгендей, бөлүм JICA тарабынан берилген эки өпкөнү жасалма желдетүү аппараты жана медициналык мекеменин каражатына алынган бейтап жанындагы мониторлор менен жабдылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги учурдагы көйгөйлөрдү да айтты. Тактап айтканда, медициналык кадрлардын жетишсиздиги белгиленди. Учурда адистерди тартуу үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жатат, анын ичинде медициналык кызматкерлер үчүн жатакана куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары министр эски төрөт үйүнүн имаратын да көрүп чыкты. Мурда бул имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралып, бул максатка болжол менен 100 млн сом каралган. Кароонун жыйынтыгында министр имараттын абалын жана капиталдык оңдоо жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугун кошумча изилдөөнү тапшырды.