www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаза аткаруу жана саламаттык сактоо маселелерине байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №321 тескемесин ишке ашыруу, ошондой эле жаза аткаруу мыйзамдарын өркүндөтүү жана гуманизациялоо максатында иштелип чыккан.
Долбоордо соттолгондордун телефон аркылуу бир жолку сүйлөшүүсүнүн узактыгын 15 мүнөттөн 10 мүнөткө чейин кыскартуу сунушталууда.
Баяндамачынын маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн жалпы көлөмү сакталат. Башкача айтканда, бир сүйлөшүүгө бөлүнгөн убакыт кыскартылганы менен, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн саны көбөйтүлөт.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар мажбурлап дарылоо, абактарда жазасын өтөп жаткандарды окутуу жана иш менен камсыз кылуу, ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин пенсия маселелерине байланыштуу сунуштарын билдиришти.
Мындан тышкары, депутаттар мыйзам долбоорундагы айрым түшүнүктөрдү тактоо зарылдыгына токтолушту.
Ошондой эле жыйында Жарандык процесстик кодекске, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске жана «Медиация жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Сунушталган өзгөртүүлөр эл аралык медиациялык макулдашууларды таануу жана аларды мажбурлап аткарууну камсыз кылуучу механизмдерди улуттук мыйзамдарга киргизүүгө багытталган.