www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Нарын» бажысынын кызматкерлери бажылык көзөмөл жүргүзүү учурунда декларацияда көрсөтүлбөгөн товарлардын 36 түрүн аныкташты.
Маалыматка ылайык, Кытайдан «К.Б.Г.» ЖЧКсынын дарегине «Нарын» бажы-терминалына транзиттик декларация менен товарлардын партиясы келген. Документтерде үстөлдөр, автосамосвалдар жана карьердик самосвалдар үчүн запастык бөлүктөр, экскаватордун тетиктери, гидроцилиндрлер, кыймылдаткычтарга жана бургулоочу жабдууларга запастык бөлүктөр, шиналар, ички камералар жана эмульгатор көрсөтүлгөн.
Текшерүү учурунда декларацияда көрсөтүлбөгөн товарлар бар экени аныкталган. Бул факты боюнча тиешелүү документтер түзүлүп, товарлар ЕАЭБдин Бажы кодексинин 379-беренесине ылайык кармалган.
Төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрү 2 млн 840 миң 911 сомду түзгөн.
Иштин материалдары андан ары кароо жана укуктук баа берүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын орду эки эселенген өлчөмдө өндүрүлүп, мамлекеттик бюджетке 5 млн 681 миң 823 сом түшүрүлгөн.