www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматы ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, ИИМ жана Орусиянын Федералдык бажы кызматы менен биргеликте «Альфа-PVP» психотроптук затын Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигин аныктады.

Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган М.Р.А. жана анын жубайы М.Е.А. кармалган.

Маалыматка ылайык, М.Р.А. почта аркылуу алган аба муздаткычты текшерүү учурунда анын конструкциялык көңдөйлөрүнөн жалпы салмагы 1 кг 126 грамм болгон «Альфа-PVP» салынган брикет табылган.

Ошондой эле шектүүлөрдүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, психотроптук заттарды таңгактоого жана таратууга арналган электрондук таразалар, ZIP-баштыкчалар жана башка буюмдар алынган.

Алдын ала маалымат боюнча, табылган партиянын мыйзамсыз сатуудагы баасы 4,9 млн сомдон ашышы мүмкүн. Натыйжада 6 миң 800дөн ашык бир жолку дозанын мыйзамсыз жүгүртүүгө түшүшүнө бөгөт коюлган.

Учурда эл аралык каналдын башка катышуучуларын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Последние новости