www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Кыргызстанда 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция салган инвесторлорго мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануу укугун күрөөгө коюп, насыя тартууга мүмкүнчүлүк берүүнү демилгелеген токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Мындай мүмкүнчүлүк инвестициялык долбоорду ишке ашырууга керектүү карыздык каражат алууга өбөлгө түзөт. 

Бирок жерди ижарага алып, анан ошол эле ижара укугун күрөөгө коюп акча издеген инвестордун жагдайы, «өтүкчүнүн өтүгү жок» дегендей угулат. Чынында күлкү жаратат. Өзүнүн долбоорун каржылоого жетиштүү каражаты жок инвесторго мамлекет жер берет деген кандай логикага сыят? 

Дегенибиз, жерди ижарага алган инвестор анан ошол жерди күрөөгө коюп, дагы бирөөдөн акча алат. Эгер инвестордун өзүндө каржылык мүмкүнчүлүк жок болсо, ал “кайырчы” кайсы инвестициялык долбоорду сунуштайт? Бул демилге кызылдай эле “иттин өлүгү жыттанган афёра”.

Мындай күмөндүү, бүдөмөк иштер кимдин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат? Элестетели, инвестор мамлекеттен жерди ижарага алды. Андан соң ошол ижара укугун күрөөгө коюп, ири суммадагы насыя алды. Долбоор ишке ашпай, инвестор карыз алган банктынбы же “кожоюнунбу”, ошондой эле мамлекет алдындагы милдеттенмесин аткара албай калса эмне болот?

Жердин өзү мамлекеттики бойдон калганы менен, аны пайдалануу укугу күрөөдө турат. Демек, мамлекет каалаган учурда эле «бул жер меники» деп алып коё албайт. Ал эми күрөө механизминде кредитордун мыйзамдуу кызыкчылыгы турат. Мына ушул жерде эң чоң суроо чыгат. Мамлекет жерин берди, инвестор аны күрөөгө коюп акча алды, бирок инвестициялык долбоор ишке ашпай калса, акырында мамлекет эмнени утат? Мамлекет үчүн бирөөнүн карызын мойнуна алган тобокелдик жаралат.

Башкача айтканда, мамлекет жерден жок, же инвестициядан жок, жерди алайын десе күрөөгө коюлган карызын төлөш керек, айтор “этиң тургай табагыңды таап ал” болот. Кооптуусу, жерден ажырап калуу коркунучу күчөйт, же аны кайра пайдалануу үчүн күрөө мамилелерин чечүүгө туура келет. Ал эми инвестор өз милдеттенмесин аткарбай, жок болуп кетсе, өлкөгө кагаздагы «инвестициялык долбоор» калат, ал эми мамлекеттин мойнуна түмөн-түйшүк үйүлөт.

Мындай шартта «инвесторго мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз» деген жакшы сөздүн артында, мамлекеттик активди жеке карыз алуу инструменти катары колдонууга жол ачылып, “кызылдай афёра” өкүм сүрөт.

Себеп дегенде, 5 миллиард сомдук долбоорду ишке ашырууга келген инвестор биринчи кезекте өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүгүн, бизнес-моделин жана жоопкерчилигин көрсөтүшү керек эмеспи? Андыктан, бул сунушталган күмөндүү мыйзам долбоору, келечекте чоң талаштын булагына айланышы толук мүмкүн. Мамлекет жерин берип, анан “кайырчы инвестордун” инвестициясын күтүп, соңунда күрөө менен карыздын ортосунда калган абалга туш болору турган иш. Кыскасы, мамлекеттин жерин ижарага алып, анан ал жерди күрөөгө коюп каражат издеген “кайырчы инвестор” жыргатпайт.

Последние новости