www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-апрелде Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасынын Тышкы иштер министри Гедион Тимотевос менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мамлекеттердин тышкы саясат мекемелери арасындагы байланыштарды жандандырууну макулдашты.
Көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу боюнча пландар талкууланды.