www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази Хакимди кабыл алды.
Жолугушууда тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык багыттардагы учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Министр Ж.Кулубаев эки өлкө ортосундагы активдүү саясий диалогду улантуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде элчи Ияд бин Гази Хаким Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун аягында министр жаңы элчиге дипломатиялык миссиясынын ийгиликтүү болушун каалады.