www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри болуп иштеп турганда бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгымдаган деп айыпталып, “Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен ИИМ тарабынан кылымш иши козголуп, тергөөдө сурак берип жаткан Чыңгыз Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттыгынан баш тартуу, тизмеден талапкерлигин алуу боюнча арыз жазды.

Ал №21 округдан депутаттыкка талапкер болуп катталган болчу. Депутат болуп коррупцияга шектелип камалган Куванычбек Конгантиевдин ордуна келмек. 

Эми бошогон мандаттын ээси болуп Айдарбековдон кийинки көп добуш алган Мирлан Жээнчороевге мандат берилиши керек. Жээнчороев буга дейре депутат болуп, маанилүү мааселелерди көтөрүп элге таанылган. Тажырыйбасы бар. Айдарбековду жолдон алып депутат болом деп шымаланып турган кези.

Последние новости