www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада Медеров жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн ээси мамлекеттик желекке аяр мамиле жасабагандыгын мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Дүкөндө иштегендер желекти тосмо катары колдонуп келген. Мындай аракет мамлекеттик символикаларга сый-урмат менен мамиле жасабагандык катары эсептелет. Бул фактыны Санитардык-экологиялык инспекциясы рейд учурунда аныктаган. 

Дүкөндүн кызматкерлери желекти алып салууга каршылык көрсөтүшкөн. 

Желек, герб же гимнди мазактагандар мыйзамга ылайык айып төлөйт. Тагыраак айтканда, 5 миңден 10 миң сомго чейин айыпка жыгылат же бир жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Дүкөн ээсине карата азырынча эч кандай чара көрүлө элек.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости