www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш акыры жеңилет...

Азыркы бийликте көзүнө эч нерсе көрүнбөй, көпкөн атка минерлердин катарында биринчи вице Жеңиш Разаков да бар. Бул адам асылганда да мамлекеттин эң негизги көйгөйү болгон чек ара маселеси үчүн митингге чыккандарды акчага чыкты деп шакабага алып, сындап, коомчулуктун кыжырына тийип алды. Эми ошол митингге чыккан активисттер аны сотко беришти.

Ал эми «Чек ара» бирикмеси вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айткандары боюнча Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрө албай жатканын билдирип чыгышты. Алардын айтымында бир катар ЖМКлар менен маалымат жыйынын өткөрүүгө макулдашкан. Бирок ал күн жакындаганда ошол ЖМКлар ар кайсы шылтоону айтып, ойт берип кетишкен. Разаковдун сөздөрүнө жооп кылабыз деп атайын алыскы Баткенден бери келишкен.

Көпчүлүк Разаковду кызматтан алып, жоопко тартууну талап кылып жатышат. Бирок бул маселеде "карга карганын көзүн чукубайт" - дегендей бийлик Разаковду кайдан эле кызматтан алып ийсин. Азырынча Жеңиш мырза көпкөлөң тартып, эч кимге жеңилбейм деп желпинип турса, акыры жеңилип, жели чыгат... Аны күтө берсин...

Булак: “Багыт.kg”

Последние новости