www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 25-ноябрындагы буйругуна ылайык, “Жаңы китеп” мекемеси китептерди башкаруунун маалыматтык системасын түзүүнү баштаган. Бул иштердин алкагында эки маалымат базасы түзүлүшү керек. Биринчиси – китептер жана китеп фонддору боюнча, экинчиси – ижарага китеп алып окуп жаткан окуучулардын маалымат базасы. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өздүк идентификациялык номер (ӨИН) – окуучунун тек-жайын аныктоочу бирден-бир уникалдуу идентификациялык код. Бул окуучунун аты-жөнү туура, так эмес болушун, туулган күнү, окуган мектеп (мектеп коду), классы тууралуу маалыматтын толук киргизилбей калуусун  алдын алууга жардам берет. ӨИН мектеп окуучусун аныктоо үчүн системага бир гана жолу киргизилет. Маалымат ата-энелердин макулдугу менен чогултулат.

Бул система окуучулардын маалыматтарына байкоо салууга, министрликтин системасына ар түрдүү отчетторду (гендер, социалдык жеңилдик алган, окуучулардын жашы, миграция) киргизүүгө жана бирдиктүү маалыматтар базасына топтоого ыңгайлуу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости