www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин берген маалыматына караганда, калкты менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, жаӊылыктар, иш-чаралар, бош жумуш орду жөнүндө маалыматтар жүктөлчү автоматташтырылган Эмгек рыногунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жана «Zanyatost.kg» порталы ишке киргизилип, бардык маалыматтар катталууда.

Иштеп жаткан мыйзамдын жоболоруна ылайык, жумушсуз же жумуш издөөчү катары иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган жарандарды каттоо, алардын туруктуу жашаган жери боюнча жүргүзүлөт, кыргыз жараны кайда туруктуу жашаса, ошол жер жарандын жашаган жери болуп саналат. Мындай жагдай ички мигранттардын абалына терс таасир берип, олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Ошондон улам, мыйзамды “же турган жеринен” сөздөрү менен толукталууда.

Мыйзамдагы “туруктуу жашаган жери” деген сөздөрү “жашаган жери же турган жери” сөздөрүнө алмаштыруу жарандарга өзүнүн жашаган же турган жерине карабастан ыйгарым укуктуу органдын каалаган аймактык бөлүктөрүнөн бош жумуш орундары жаатында маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Андан тышкары, мыйзамда жумушсуздар жана жумуш издеген жарандарды катоого алуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан аныктала турганы белгиленүүдө..

Депутаттар жумушсуздук өлкөнүн кайсы аймактарында көбүрөөк экенине кызыгышты. “Бул тууралуу статистикалык талдоо иштерин жүргүзүп жатасыңарбы?”, - деди депутат Тариел Жоробеков.

Министрдин орун басары Камалдин Токтосартов статистикалык маалыматтарга караганда жумушсуздук Баткенде 9, Нарында 8,8, Ысык-Көлдө 8,4, Чүйдө 7,3 пайызды түзөрүн билдирди. “Эмгек рыногунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жаңыдан ишке киргизилди, эми талдоо иштерин биз өзүбүз жүргүзө баштайбыз”, - деп, ал азыр беточу, кыш коюучу, шыбакчы сындуу кара жумуштар көбүрөөк суралып жатканын, алардын маянасы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөрүн кошумчалады.

Депутат Руслан Казакбаев жогорку даярдыктагы адистикке ээ кыргыз жарандары чет өлкөгө кетип жатканын эске салып, Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилерин андай адистерди өлкө аймагында алып калуу, эмгек акысы жогору жумуштарга орноштуруу жолдорун издөөгө чакырды. “Ансыз өлкө экономикасын көтөрүү, калк турмушун жакшыртуу кыйын”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости