www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Улутчул дейт билбеген,

улутун кимдер сүйбөгөн.

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,

 кыргыз деп өтөм дүйнөдөн”

Улуттун сакталышы, эне тилибиздин өнүгүшү, дилибиздин жана динибиздин бекемделиши ар бирибиздин абийирибизде жана колубузда. Айтор, калпак кийип кыргызча сүйлөсөң сени сөөмөйү менен көргөзүп улутчул дегендер да жок эмес.

“Ал мени итсиң деди. – Итмин – дедим...

Тек гана терикпестен күлүп туруп.

Не кылам жаман айтып жаакташып,

Мен анын ит экенин билип туруп” дегендей, көпчүлүктү ириткендер жана ирээнжиткендердин болушу өкүндүрөт. Демек, бүгүн коомубуз ооруп жаткандай. Аттиң, эне тилибиз менен улутубузга күйгөндөр азайып бараткандай. Ал эми, кыргыз паспорттундагы “Улут” деген графанын алып салынуусун туура эмес кабылдайм. Бүгүн байкасаңар көптөгөн ири мамлекеттерде, анын ичинде өнүккөн Евпропа биримдигинде улутчулдук куч алууда. Анын бир себеби, элдердин улуттук баалулуктарынын жоголуп баратышында, мамлекеттин коопсуздугунда. Баам салсаңыздар, эл өкүлчүлүгүндө улутчулдук көз караштагы депутаттар көптүк кыла башташты. Демек, алар улуттук идентификация, мамлекеттин улуттук багыттарын издене башташында. Ал эми, бизде жетишпей жаткан нерсе–бул мамлекеттик жана улуттук идеологиянын жоктугунда. 2015-жылы өлкө үчүн жашкы жөрөлгө болуп өттү. Маданият, улуттук баалуулуктар кадыр эсе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, көптөгөн иш чаралар өткөзүлүп, элдин үмүтү жандана түштү. Так ушундай багытта иштер улантылып, улуттук касиеттер, дөөлөттөр, баалулуктар, дин жана дил даназаланышы абзел.

Баяна Кулова, «Жаңы ОРДО»

Последние новости