www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер тилкелерине байланыштуу алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 1-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Арыз ээсинин айтымында, 2014-жылы Лебединов айыл өкмөтүнүн №154 контурунан, Өскөн-Ордо жаңы конушунан 8 сотых жер тилкесин сатып алып, үй салган. 2022- жылы жерге мунапыс чыгып, жер тилкени менчиктештирүү үчүн бардык керектүү документтерди чогултуп, кезекке турган. Ошол учурда бир жаран пайда болуп, бул контурдагы 4 гектар жер, анын ичинде арыз ээсинин тилкеси ага таандык экенин айтып, жерди бошотууну талап кылган.
Буга байланыштуу дагы 39 адам милицияга кайрылып, бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кылмышка шектелип 1965-жылы туулган Ж.Т., 1981-жылы туулган Э.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 1-июнь күнү дагы бир шектүү — 1965-жылы туулган Д.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 100дөн ашык алдамчылык фактыларына тиешеси бар экени аныкталган.
Булак: NazarNews.kg