www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 425 миң сом сарпталат

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Жалпы 448 жергиликтүү кеңеш бар. Анын 420сы — айылдык кеңеш, 28и — шаардык кеңеш. Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү үчүн жалпы 425 243,5 миң сом сарптала тургандыгын билдирди.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси ушул жылдын 20-февралында 2 273 шайлоо участкасына илинди. Өлкө боюнча жалпы 3 млн 304 миң 485 (1 млн 580 миң 631и эркек), 1 млн  723 миң 854и аял) шайлоочу бар.

Ар бир шайлоочу ушул жылдын 27-мартына чейин шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактай алат:

  • Шайлоочулардын мамлекеттик порталынан — «Тизме» — «tizme.gov.kg»;
  • Өз шайлоо участкасынан;
  • «119» номерине чалып же ПИН номери менен СМС билдирүүлөр жиберет, жооп катары шайлоочуга участкалык шайлоо комиссиясынын номерин жана дарегин көрсөткөн билдирүү келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости