www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-февралда Москва шаарында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева менен Орусиянын транспорт министри Виталий Савельев жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Гүлмира Абдралиева бүгүнкү күндө Кыргыз-Орус өлкөлөрүнүн ортосундагы туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү жана андан кийин чартердик рейстерди акырындык менен кыскартуу маанилүү экенин белгиледи. Ошону менен катар эле Абдралиева темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе көтөрдү. Савельев бул сунушту колдоп, ташууну тийиштүү кызматтын уруксаты менен жүргүзсө болорун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости