www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов атамекендик бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун негизги максаты катары экономиканы мындан ары карай активдештирүү, демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болуп саналат. Ал эркин микрофон режиминде өтүп, ар бир катышуучу өз идеяларын жана көйгөйлөрүн билдирүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Премьер-министр белгилегендей, мындай форматтагы жолугушуулар өкмөт жана бизнес-коомчулук ортосундагы пикир алышууга кошумча дем берет жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүүсү зарыл.

"Бул жолугушууда катышып жаткандардын ар бири республикабыздын өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошкон. Узак убакыт бою биз бизнеске тийиштүү көңүл бура алган жокпуз. Бирок, бул мамилени өзгөртүүгө, мамлекеттик жеке диалогдун жаңы бизнес-моделдерин ишке киргизүүгө убакыт келип жетти. Биз ишкерлик тармагындагы ачык-айкын эрежелерди камсыздоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз. Бул ченем жаратуу демилгелерине, ишкерлерге жеке инвестиция тартууга дем берүүгө, инновациялык тараптарды субсидиялоого, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү кыскартуу, укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан бизнеске кысым көрсөтүү фактыларын толугу менен жоюуга тийиштүү",- деди ал.

"Өкмөт аталган планды үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин ишке ашырууга умтулууда. Анын негизги бөлүгүндө кагаз жүзүндө кала бербестен, реалдуу жыйынтыгын берүүчү иш-чаралар каралган", - деди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде бизнес-коомчулук өкүлдөрү өз көйгөйлөрүн билдиришип, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштарын киргизишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Улукбек Марипов бизнес өкүлдөрүнө конструктивдүү пикир алышуу үчүн ыраазычылык билдирип, 24 саат бою байланышта болууга даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости