www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери иш таштоосун улантууда.
Акцияга катышуучулардын айтымында, талаптар аткарылгыча массалык түрдө иш таштоону 60тан ашуун адам колдогон. Алар жетекчиликтин кылган мамилесине жана негизсиз акча топтоосуна нааразы болушкан. Ушул жылдын 21-июнунда 52 кызматкер кол коюп, райондун акимине жана Мамлекеттик курулуш агенттигине кат жазышкан.
Ал арыз үч ай аралыгында каралып, бул убакытта Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Марат Шарипов убактылуу кызмат ордунан четтетилген менен кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ал кайра эле жетекчиликке келген.
Акцияга чыккандар жетекчилик кээ бир кызматкерлерден миң долларга чейин акча чогултаарын, аны ачык айтып беришерин билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg