www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испаниянын Каталониясында калк менен укук коргоо органдарынын ортосунда башаламандык дагы деле болуп жатат.

Маалыматка караганда, нааразычылык акциясы 14-октябрда башталган. Митингге чыккандар полиция кызматкерлерине бөтөлкөлөрдү жана башка нерселерди ыргытып, Испания өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнө кирүүгө аракет кылышкан.

Маалымат боюнча, 8  миңге жакын демонстранттар Каталониянын борбору Барселона шаарынын аэропортунун басып алмакчы болушкан, укук коргоо кызматкерлери демонстранттарды дубинкалар менен уруп, көздөн жаш агызуучу газ менен аэропорттон чыгарууга  аракет кылышкан. Аэропортто рейстер токтотулуп, учактар учпай калган.

Жирона шаарында Испаниядан Францияга бара жаткан поезддерди өткөрбөө үчүн дөңгөлөктөрдү күйгүзүшкөн. Каталониядагы бир нече поезд жолдору жабылган.

Нааразычылык акциясы дүйшөмбү күнү Жогорку сот каталондук саясатчыларга чыгарган өкүмүнөн кийин башталган. 14-октябрда Испаниянын  Жогорку соту 2017-жылы көз карандысыз жана аймактык парламенттин көз карансыздыгы тууралуу мыйзамсыз өткөн референдумга тиешеси бар делген 12 саясатчыга өкүм чыгарган. Тогуз  саясатчы күнөөлүү деп табылып, 9 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылып, дагы үчөөнө айып пул салынган.

Нааразычылык акциянын жыйынтыгында жүздөгөн демонстранттар жана 80ден ашык укук коргоо кызматкерлери жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости