www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар менен Калипа бул үйдү сатып алганына аз эле болгон. Топтогон акчалары жетип, "арзан сатып алдык" деп сүйүнүп жүрүштү. Өз оокаттарын өздөрү кылып, ата-энелеринен бөлүнгөндөрүнө, үйлүү болгондоруна тобо кылып, үй ичине эмеректердии алып келип, ичи-тышын актап, кадимкидей жыргап калышты. Бирок, там эски болгондуктан ремонт жүргүзүш керек эле. Ага алдары жетпей кийинкиге калтырышкан. Бул үйгө келгени Сапар менен Калипанын тун уулу эки жаштагы Алишер өтө ыйлаак болуп кетти. Бир жери ооруп жүрбөсүн деп доктурга алып барышканда, баласы куландан соо экенин билишти. Алишердин көбүнчө түнкүсүн үйкусу качып, ата-энесин беймазага салды. Үйлүү болдук деп сүйүнүп жүрүшкен Сапар менен Калипага Алишердин түшүнүксүз жоруктары накта көйгөйлүү маселеге айланды.
Бир күнү, Калипаны баласы тынчын алып ыйлагандыктан түн ортосунда эшикке алып чыкгы. Таза абага чыгып, баласын соорото огороддогу алма бак жакка басты. Кичине тынчый түшкөн Алишерди биротоло заара кылып алсын деп тосуп отурган. Бир маалда төрт-беш метр алыстыкта даараткананын жанында чачын бош кое берген элес-булас эки аялдын карааны көрүндү. Көргөн көзүнө ишенбей, уйку-соонун ортосунда көзүн ушалап, эки аял отурган жерди дагы бир карады. Бул жолу чындап эле аялдардын карааны экенине ишенди. Түн ортосунда кайдагы аял болмок эле деп аң-таң боло тигилер тарапка "силер кимсиңер?" деген суроо узатгы. Көпкө унчукпай отуруп аялдын бирөөсү "Калипа бул жерден кет" деп оозанды. Адамдыкынан башкача үндү уккан Калипа баласын бооруна кыса бакырып үйгө чуркады. Кирип эле уктап жаткан Сапарды ойготгу. Эмне болуп кетти деп, Сапар жаткан жеринен атырылып турду. Короого чыгьш, уккан-көргөндөрүн Калипа айтып турду.
Оозуна келмесин айтып, Сапар эркек болсо да жүрөгү түшө эшикке чыкты. Бирок, негедир даараткананын жанындагы эки аялдын элесин Сапар көрө алган жок. Ошол түнү үй-бүлө уйкусуз таң атырышты. Жаңы көчүп келишкендиктен Сапар менен Калипа айыл тургундарын жакшы таанышпайт эле. Ким менен кеңешип, кечиндеги окуянын сырын кимден билээрин бшшшпей бушайман болушту. Акыры жакшы таанып калган айыл доктуру Анара эжеге бармай болушту. Ал аял окуянын баарын баштан-аяк угуп, эч жардам бере албасгыгын, ал үйдө буга чейинки жашоочуларды да ушуга окшош окуя беймаза кылгандыгын айтып, айыл аксакалы, жашы сексенден ашып калган Жолдош атага барып иштин чоо-жайын түшүндүрүп, кеңеш сурап көргүлө деп жөнөтгү.
Жолдош карыя Сапар менен Калипанын айткандарын жайбаракат угуп отуруп, үйдүн сырын ачып берет. "Тээ илгери силер жашаган үй жок болчу. Жөн эле ээн талаа эле. Кой жайып жүргөн Бүбү деген кыздын минген аты үркүп, кыз аттан учуп башы ташка тийип жан берет. Сөөгүн ошол силер жашаган тамдын ордуна коюшкан. Бүбү жеткен тың, анан аябагандай сулуу кыз эле. Жалгыз кызынын кырсьцк болуп мерт кеткенине кайгырып жүрүп апасы бир жылдан кийин каза болгон. Апасын кызынын жанына коюшкан. Кийин айыл чоңоюп, эне-кыз жаткан дөңчөлөрдү түздөп үстүнө там салып ташташкан.
Уулуңардын көзүнө алардын арбактары көрүнүшүп коркконунан ыйы басылбай жатканы ошол. Менин айтаарым арбактардын айтканын угуп, ал үйдү сатпай эле бош койгонуңар оң. Же болбосо, үйдү бузуп эне-кыздын сөөгүн таап, куран окуп, башка жакка койгонуңар туура болор" деп кеңешин берет.
Арадан бир жума өтпөй Сапар ага-туугандарын алып келип, өлгөндөрдүн сөөгүн таап, бир кой союп, куран окуп, ошл эле айылдын көрүстөнүнө коюшат. Азыр бүюрса тынч, баласы мурдагыдай түн уйкудан качып ыйлабай калды. Калипа дагы бир кыз төрөп атын Бүбү коюшкан. Эч нерседен кем болбой бактылуу өмүр сүрүп келишет.
Наргиза ҮМӨТАЛИЕВА, Жети-Өгүз району
Булак: NazarNews.kg