www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен Кудаймын” деген адамдын айткандары экспертизага жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Эми анын жыйынтыгына жараша “Кудайдын” тагдыры чечилет. Мындай маалыматты Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысы Зайырбек Эргешов парламенттин 16-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйында билдирди.
Тагыраагы, бүгүнкү жыйында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу мыйзам долбоору каралган. Анда белгилүү болгондой өлкөдөгү теңирчилердин ишмердүүлүгү мыйзамсыз. Бул тууралуу “теңирчилер диний уюм катары каттоодон өткүсү келген. Бирок документтер толукталууга кайтарылган. Алар кийин кайрадан документ тапшырышкан эмес. Тапшырса карап көрөбүз”, - дейт Зайырбек Эргешов.
Белгилей кетсек, теңирчилердин маселеси депутат Улугбек Ормоновдун Арстан Алайдын чакырык, иш-аракеттерине укук коргоо тармагы бир жылдан бери мыйзам чегинде баа бербей жатканына нааразы болгонунан улам белгилүү болду.
Анан да эң таң калычтуусу, жөнөкөй адамдар анын Кудай эмес экендигин кантип далилдешет?..
Булак: NazarNews.kg