www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайдын эң аптап учурунда мурунку президент Атамбаев Кой-Таштагы көздүн жоосун алган, Шаки Абдыкеримов куруп берген резиденциясында баррикада түзүп, курчанууда жатканын билебиз. Аны менен кошо бүгүн сагызгандай сайрап, Атамбаевди сатып жаткан “Баатырлар”, ЖК депутаттары, Атамбаевди бийликке алып келип чоң кызмат алабыз деп үмүт эткендер болушкан. Алар эмне ачка жүрүшмөк беле. Кой-Ташта казан болк-болк кайнап, күнүгө бука, жылкы союлуп, аны “коргоочулар” бекер эт, казы-карта, уча, чучукка кекиртектен тоюшуп “карк” кекиришип Кой-таштагы эт жемей түбөлүккө болсо экен деп күсөп калышкан.

Бука, жылкынын барын Атамбаев соймок беле, “Жоону чапса, ким чапты, аты калды Манаска” –деген кеп бар эмеспи. Бука, жылкыны сойсо Атамбаевдин айлана-тегерегинде жүргөндөр, жасакерлер, эртең бийликке келип калса кызмат үмтөткөндөр союшту, бирок аты Атамбаевге калды. Эл оозунан угушубузча бука, жылкыны сойгондор:

  1. Сегизбаев Абдил – Атамбаев президент кезинде Президенттин кеңешчиси, УКМКнын төрагасы;
  2. Абдыкеримов Шаки - “Аюнун” президенти, Кой-таштагы Атамбаевдин резиденциясын салууга жардам берген;
  3. Түлөбаев Балбак – “Аюнун” мурунку вице-президенти. Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси;
  4. Исраилов Улан - Атамбаевдин мурунку жансакчысы, мурунку ИИМ министри;
  5. Аблязов Мухтар - Казакстандын оппозиционери, 2005-жылы кыргыз оппозициясына жардам катары 30 млн доллар берген;
  6. Албек Ибраимов – Бишкектин мурунку мэри, Атамбаевге имыйзамсыз жер тартуулаган. Өзү камалып жаткандыктан  жан-жөкөрлөрү аркылуу мал сойгон;
  7. Аманбай Кайыпов – Нарындын мурунку губернатору, өзүнүн орун басары, Нарындын вице-губернатору Касен Асизовдон мал берип жиберген;
  8. Коёналиев Турусбек – Президенттиин Иш башкармасынын мурунку жетекчиси.

Санай берсек тизме узара бермекчи. Арашан, Кой-Таштагы бир топ бизнесмендер да мал союшкан. Атамбаев трайбалисттик ойлор менен өзү албай койгонбу, мал сойгондор түндүктүн адамдары.Кечээ эле Атамбаевдин таманын жалап жүргөндөр, бүгүн өзүнө айгак чыгып, Кой-Ташта болгон окуяларды ийне-жибине чейин айта баштады.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости