www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрдүн таттуулугун, жашоонун кооздугун адам баласы өз учурунда билбей, өз кунунда баалабай, качан гана колдон "пыр" учканда аттиң деп бармак тиштеп өкүнөт окшойбуз. Адам баласы өз турмушунда көптөгөн жаңылыштыктарды, катачылыктарды кетирет, ич күйдүлүктүн, пенделиктин сазынан чыга албай, байкабай өз өмүрлөрүнө балта чаап алган кездери да болот экен. Бул окуя мындан көп жыл мурун болгон эле.
Капысынан эки бир тууган таза турган жеринен өлүм табышты. Бул эже-синдинин табышмактуу өлүмү элди таң калтырып, айыл арасында узун сабак кеп болгон эле. Бирок дал ошол мезгилде өз убагында чындыкты казып издеген адам болбоптур. Мен болсо бул табышмактуу окуяны кече жакында гана угуп сиздерге баяндоону туура таптым.
Кичинесинен бири-бирине жакын өскөн бул эки кызды айыл ападагылар көп сөз кылышчу. Биринен бири өткөн сулуу кыздар кимди да болбосо суктандырбай койчу эмес. Андан да экөө мектепте болобу, үйдө болобу эгиз козудай ээрчишип ынтымактуу эле. Атгары да уйкаш улуусу Гүлзат, кичүүсү Нурзат. Тез эле жылдар өтүп бул эки кыз жигиттерден сүйүү катын ала башташты. Айылдагы жигит аттуунун баарын кызыктырып кериле баскан эже-сиңди эч кимди теңине албай өтө эле текебер эле дешет.
Кудуреттүү Кудайдын буйругубу же тагдырдын тамашасыбы эмнегедир эже-сиңдинин алгачкы сүйүүсү да бир адамга арналды. Эки кыздын тең жүрөгүн ээлеп, акылынан адаштырган өздөрүнөн алысыраак бөлөсү Алидин эле.
Акыры бир күнү экөө тең бир адамдын аптабына күйүп жүргөнү бири-бирине айкын болду.
Аттиң, сүйүү эмне кылбайт. Ушуга чейин ортосунда кыл аралабаган бир туугандар кер-мур айтыша баштады. Жаштык дымак, кызганыч, жүрөгүн өрттөгөн кыздар бири-бирине баш коюп, бири-бирине жол бергиси келбеди. Бирин-бири ачык жек көрө баштады. Мына ошондон баштап бейпил үй-бүлөнүн уясына кайгынын кара көлөкөсү түшө баштады. Булардын чатагы эмне экенин билбеген ата-эне да беймаза.
Ошондой күндөрдүн биринде сиңдиси Нурзат "ичим" деп чыдабай жатканын айтып алактаган Гүлзат кирип келет.
- Апа, Нурзат ал.., - сөз айталбай мукактанып кыз буркурап жиберди.
- Эмне болду? - жүрөгү бир нерсени сезгендей эне ордунан ыргып турду. Апасы жетип келгенде үч бүктөлө тыбырчылаган, кумга ыргытылган
балыктай соолуп жаткан экен.
- Катыгүн, эмне болду кыз сага? Азыр эле соо эмес белең? - үстүнө үйрүлүп түшкөн апасы эмне кыларын билбей үрөйү уча түштү.
Диванда жаткан Нурзат сөзгө келбестен өң-алеттен кетип, босогодо турган энесин көздөрүн сүзүлтө карай берди. Чанагынан чыга жаздаган көздөр эжесин жек көрө да, аяп да карап турду. Көпкө карады. Анан апасына столдун үстүн алсыз жаңсады. Чебелектеген апа бул алсыз кыймылды байкаган да жок. Ошентип кыз чабалактап жатып чай кайнамга жетпей каза болду. Кыздын эмне болуп өлгөнүн врачтар да аныктай албады. Ошентип кыздын өлүмү табышмак бойдон кала берди. Көрсө, кызганыч жүрөгүн кыйнаган эжеси Алидин менен Нурзаттын жакындашып бара жатканын сезип, айылдагы көзү ачык аталган аялга барып сиңдисине каршы дуба окутуп алган экен. Дубаны катуу ооруга чалдыксын деп окуса да дуба күчтүүлүк кылганбы, дубаланган сууну ичер замат чабалактап жатып жан таслим болот, Синдисин алдап дуба суу ичирген эжеси өлүм менен бүтөрүн билбесе керек.
Сиңдисинин өлүмүнөн кийин Гүлзат акылынан адашкансып элире кыйкырып түшүнүксүз дартка жолукту, эл сиңдисинин күйүтүнөн ушинтип калды деп жооруп жүрүштү. Табышмактуу өлүмдүн сыры тереңде жатканын эч ким таңазарына алган жок. Кичүү кызынын кайтыш болгонунан да улуу кызынын элирип кеткени ата-эненин жанын сыздатты.
Ал кимдир-бирөө менен сүйлөшуп, өзүнчө чочулай берет.
- Кет ары, жолобо жаныма! Анан апасына жалдырап өксүп: "Апаке, кет дечи Гүлзатты! Менин жанымда турат. Менин жанымды алайын деп өзү менен кошо алып кеткиси келип жатат! Апаке, кечир күнөөмдү? Мен коркуп жатам" -деп бурчка тыгыла өксүп кыйкырат. Ушинтип жатып сиңдисинен кийин эки аптадан соң каза болот. Өлөрүндө апасын чакырып "Апа, мен баары бир өлөм. Гүлзат күнү-түнү жанымдан чыкпай жан алгычтай ээрчип жүрөт. Сиз баары бир ишенбейсиз. Ошентсе да тиги текчеде турган кагазды алып, алыс барып көмүп келиңиз дейт. Окулган дуба көмүлгөндөн кийин, ал кыйналбай туруп эле таңга маал каза болот.
Оо, андан бери канча мезгил өттү. Азыр да күмбөз жактан өксүп ыйлаган кыздардьш үнү чыгарын айтып калышат эл. Балким, бул армандуу махабаттын курманы болушкан эки бир туугандын өксүгү чыгар...
Гүлжан БАЙБЕКОВА, Токтогул району
Булак: NazarNews.kg